Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Мээрим менен Калмира коло медаль үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 11 Апр 2023 | 1312 | 0

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия биринчилигинде бүгүн 50, 55, 59, 68, 76 кг салмактагы балбан кыздардын беттеши өттү.

Кыз-келиндер күрөшүнүн алгачкы күнүндө Кыргызстандан барышкан Арууке Кадырбек кызы, Калмира Билимбек кызы, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы килемге чыгышты.

Натыйжада 55 кг салмактагы Арууке Кадырбек кызы алгачкы эле беттешинде жапон кыз Рино Катаокага 11:0 эсебинде алдырып жиберди.

Ал эми 59 кг салмакта айлампа стилинде күрөшкөн Калмира Билимбек кызы биринчи айлампада казак кыз Диана Каюмованы 2:1, үчүнчү айлампада өзбек кыз Сарвиноз Жиенбаеваны 11:0 эсебинде утуп, жарым финалдык баскычка өттү. Жарым финалда кытай кыз Жуомалагага 2:6 эсебинде алдырып жиберди.

Калмира Билимбек кызы коло байге үчүн казак кыз Диана Каюмова менен кайрадан беттешет.

Беттешин дароо чейрек финалдан баштаган 68 кг салмактагы Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашы корей кыз Минжи Ханы 10:0 эсебинде утуп, бирок жарым финалда япон кыз Ами Ишиге 2:6 эсебинде утулуп калды.

Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн казакстандык  Елена Шалыгина менен күрөшөт.

76 кг салмактагы Айпери Медет кызы финалдык эки атаандашын тең утуп, финалдык баскычка өттү.

Айта кетсек, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Азия биринчилигинде 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло медаль алышып, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлешти.

Азия чемпионатында Айпери Медет кызы финалга чыкты

Copyright © 2017 Maral FM