Биз менен байланышыңыз

Жарык болсун! Кыргызстан энергетикалык кризисти ЕАЭБ менен чечет

Кыска кабар | 2 Апр 2023 | 222 | 0

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдин бирдиктүү энергетика рыногун түзүү иштерин активдүү жүргүзүүдө, ал 2025-жылдын 1-январынан тартып иштей башташы керек. Бүгүнкү күндө негизги ченемдик укуктук актылар түзүлүп, энергетикалык эрежелер даярдалып жана Бирликтин өлкөлөрү бекитүүгө тийиш болгон иш-чаралардын топтому талкууланууда.

Кыргызстан ЕЭАБдин мүчөсү катары бирдиктүү энергетика рыногуна тийиштүү бардык милдеттенмелерин аткарууда. Биздин өлкө анын түзүлүшүнө жана натыйжалуу иштөөсүнө Бирликтин ичинде бардыгынан көп кызыкдар. Бул эмнеге байланыштуу экенин биздин материалдан окуңуз.

Системалык кризис

Кыргызстанда энергетикалык кризис тутумдуу мүнөзгө ээ болгону жашыруун эмес. Жыл сайын электр тогун керектөө 4%га өсүүдө.  Өлкө жылына 15 миллиард киловатт-саат өндүрүп, 18 сарптайт. Жетпеген 3 миллиардды импорттоого туура келүүдө. Энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомго жетти, ал эми жабдуулардын эскилиги – 80%.

«2023-жылдын башында эгерде электр кубатын керектөөнү азайтуу иштери учурунда жүргүзүлбөсө, бул КРнын энергетика тутумунда гана эмес, Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасында тутумдуу аварияга алып келиши мүмкүн», – деп 2023-жылдын январында президент Садыр Жапаров билдирген.

Россия Федерациясынын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн аракеттешүүсүз биз инфраструктураны модернизациялай албайбыз жана электр энергиясынын тартыштыгы көйгөйүн чече албайбыз. Бирдиктүү энергетика рыногун түзүү Бирликтин өлкөлөрүнө энергетикалык ресурстарды мүмкүн болушунча үнөмдүү пайдаланууга жана зарыл болгон учурда бири-бирине жардам берүүгө мүмкүнчүлүк берет. КР электр энергиясынын жетишпеген көлөмдүн эң арзан баада алып турат, кийинчерээк жаңы ГЭСтердин пайда болушу менен анын ашыкчасын сатат. Эң негизгиси ЕАЭБдин бирдиктүү энергетика рыногу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылат.

Кыялдар иш жүзүндө

 Бүгүнкү күндө КР өзүнүн гидроэнергетикалык дараметинин 10-11% гана пайдаланат. Гидрогенерация – биздин энергетика тармагыбыз үчүн эң келечектүү багыт. Учурда бардык үмүттөр Россиянын долбоордук колдоосундагы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын биргелешкен долбоору – «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна байланган. Келечекте бул электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча Токтогул ГЭСинен ашкан эң кубаттуу станция болот. Анда өндүрүлгөн электр тогу ички тартыштыкты гана жойбостон, коңшу өлкөлөргө экспорттоого дагы жетмекчи.

«Камбар-Ата-1» – бир жылдын долбоору эмес. Анын ишке ашырылышын күтүп карап отура берген болбойт, анткени азыртадан эле чакан ГЭСтерди курууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Адистердин эсебинде, КРда тиешелүү жабдууларды орнотуу үчүн 100дөн ашык жолдор бар. Мында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин белгилей кетүү зарыл: 2022-жылы ал Баткен облусунда «Лейлек» чакан ГЭСинин курулушуна жана Чүй облусунун Сокулук районундагы чакан ГЭСти калыбына келтирүүгө жеңилдетилген насыя бөлгөн.

«Президент Кыргызстанды энергетикалык тартыштыктан чыгаруу жана ички керектөөлөрдү өзүнүн энергетикалык ресурстарын иштетүү аркылуу камсыз кылуу боюнча олуттуу милдеттерди койду. Ири ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча өлкөлүк долбоорлорду ишке ашыруудан тышкары, чакан жана орто гидроэнергетика жаатына өзгөчө басым жасалат. Фонд бул планды ишке ашырууга активдүү катышууга аракет кылууда», – дейт РКӨФ Башкармалыгынын Төрагасы Артем Новиков.

 Бир айдан бир аз ашык убакыт мурда РКӨФ Кеңеши Нарын облусунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон «Куланак» ГЭСинин курулушун каржылоону жактырган. Фонд ага 44 миллион доллар бөлөт жана бул анын тарыхтагы эң ири долбоорлорунун бири.

 Айта кетсек, «Лейлек» ГЭСин жана башка бир нече кичи ГЭСтерди КРдагы долбоору боюнча «Росатомдун» туунду компаниясы «Борбордук Азиядагы Росатом» курат.

 Баарынын өзөгү

 2022-жылы Россия Казакстандын аймагы аркылуу Сибирден Кыргызстанга жаңы туруктуу ток өткөрүүчү линиясын курууну сунуштаган. РФнын Борбор Азиянын Бириктирилген энергетика тутумуна кошулуусу ЕЭАБ өлкөлөрүнүн ортосунда кубаттуулук менен алмашууну көбөйтүүгө, ошондой эле электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого байланышкан терс көрүнүштөрдү азайтууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстан Россия менен кызматташууга кызыкдар. 2022-жылдын жай айларында КР өкмөтү россиялык компаниялардын колдоосу менен республикадагы биринчи жаратылыш газы менен иштеген электр станциясынын курулушун баштоого даярданып жатканы белгилүү болду. Анын долбоордук кубаттуулугу – 600 мегаватт.

Айтмакчы, газ тууралуу. Акыркы сегиз жылдан бери КРга ташуу жана сатуу менен «Газпром» алектенет. 2014-жылы КРны газ менен камсыздоонун деңгээли 22%, ал эми 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ал 38%га жеткен. Бүгүнкү күндө компания 45 миң үй-жайды көгүлтүр от менен камсыз кылды. Анын ичинде Бишкек шаарында 27 конушту камтыган 27 миң турак жай газдаштырылды. Жалпысынан сегиз жылдын ичинде «Газпром» Кыргызстандын газ тармагын калыбына келтирүүгө жана модернизациялоого 30 миллиард сом жумшаган. Ал жүз миңдеген кыргызстандыктарды жылуулук менен гана камсыз кылбастан, өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүнүн бекем өзөгүн түздү.

Батыш мамлекеттеринен айырмаланып, Москва бизге эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, бардык негизги маселелер боюнча аракеттешүүгө барат. Бир гана Россия Кыргызстанга өзүнүн гидрогенерациясын өнүктүрүүгө жардам берет. Саясий кырдаалдын пайдасы үчүн аны менен экономикалык кызматташуудан баш тартпашыбыз керек.

Автор: Марат Бакиров

P.S Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM