Биз менен байланышыңыз

Ленин округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

Кыска кабар | 30 Мар 2023 | 278 | 0

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясы билдирди.

Шайлоо күнү 28-май, жекшембиге белгиленди. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурат. Министрлер кабинети зарыл болгон каражаттарды таап берет.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми БШК анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин райондук бир мандаттуу округда эки айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалышы керектигин билдирди.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектин Ленин райондук округунда өтө турган шайлоого талапкер катары кайрадан ат салыша тургандыгын жарыялаган.

Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна кайрадан ат салышат (видео)

Copyright © 2017 Maral FM