Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна кайрадан ат салышат (видео)

Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 201 | 0

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектин Ленин райондук округунда өтө турган шайлоого талапкер катары кайрадан ат салышат. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Ал кайрылуусунда 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Жаныбек Абиров бийликтин күчү менен жеңишке жеткенин айткан.

«Мен буга чейин өткөн парламенттик шайлоого түрмөдө отуруп катышып, экинчи орунду алгам. Азыр да түрмөдө отуруп шайлоого катышам. Бул саясий күрөш, биз аны кайрадан улантышыбыз керек», — деди Жээнбеков.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектеги №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп Жаныбек Абиров шайланган.

Мушташка катышканы белгилүү болгон видео социалдык тармакта тарагандан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 27-мартта мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын жарыялады. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-мартта аны мандатынан ажыратты.

Мыйзамга ылайык, №26 Ленин округунда кайрадан шайлоо өтөт.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого талапкер катары катышкан учурда Кой-Таш окуясы боюнча абакта жаткан. Шайлоо күнү президент Садыр Жапаров добушун Равшан Жээнбековго бергенин айткан.

Равшан Жээнбеков ошол жылдын 27-декабрында эркиндикке чыгып, бирок 2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абад иши боюнча кайрадан камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM