Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык жаачылар 6 алтын, 5 күмүш медаль жеңди

Кыска кабар , Спорт | 29 Мар 2023 | 605 | 0

Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Чымкет шаарында өткөн Азия кубогунда 11 медаль — 6 алтын, 5 күмүш жеңди.

Мелдеш 19-22-март күндөрү өтүп, 13 мамлекеттен барган 153 спортчу катышты. Чемпионат алтай (кыргыз эрежеси), түрк жана казак эрежелери боюнча өттү.

Кыз-келиндер арасында Асел Садырова түрк эрежеси боюнча 1-орун, алтай стилинде 2-орунду  ээледи. Ал эми Улан Араев түрк стилинде жана алтай стилинде 1-орунду камсыз кылды. Ынтымак Мурадил уулу түрк жана алтай стилинде 2-орунду ээлеген.

Түрк путасы боюнча Улан Араев 1-орун, Ынтымак Мурадил уулу 2-орун жана Асел Садырова 1-орунду ээлешти. Алтай путасы боюнча Улан Араев 1-орун жана Ынтымак Мурадил уулу 2-орунду камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, жаа атуу боюнча улуттук курама командасы  командалык эсеп боюнча экинки орунду ээледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM