Биз менен байланышыңыз

Израилде премьер-министрди сындаган коргоо министри отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 181 | 0

Израилде соттук реформага каршы башталган жапырт нааразылык акциялары өтүүдө. Демонстранттар жаңы реформа демократияга каршы келерин билдиришүүдө.

26-мартта Израилдин коргоо министри Йоав Галант реформаны кабыл алуу жараянын токтотууну сунуштады. Ал өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жарата турган кырдаал түзүлгөнүн айтты.

Министр бул жараянды кеминде бир нече айга токтотууну сунуштап, өлкөнүн армиясы менен коопсуздук кызматтарында да нааразылык бар экенин белгиледи. Аны оппозициянын лидери, Израилдин мурдагы премьер-министри Яир Лапид да колдоду. Лапид Галанттын билдирүүсүн өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарыл болгон чечкиндүү кадам деп атады.

Буга жооп иретинде Изарилдин премьер-минстри Биньямин Нетаньяху Галантты кызматтан алды. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазды. Нетаньяху коргоо министрине ишеними түгөнгөнүн, ал «өкмөттүн артынан иш кылганын» айтты.

Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштаган соттук реформаларга ылайык, Жогорку соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк аныктап калат. Мындан сырткары сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт. Парламент мыйзам долбоорун келерки аптада добушка коет. Демонстранттар ал кабыл алынса, соттордун көз карандысыздыгы жоголот деп эсептешет.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху нааразылыкка чыккандардын максаты аны бийликтен кетирүү деп эсептейт. Чынында эле айрым демонстранттар анын отставкасын талап кылууда. Ал – өзүнүн саясий карьерасында алтынчы жолу премьер-министр болгон адам. Ушул тапта Нетаньяхуга карата коррупция боюнча үч кылмыш иши козголгон, ал күнөөсүн четке кагып келет.

Израилде 500 миңдей адам соттук реформага каршы митингге чыкты (сүрөт)

Copyright © 2017 Maral FM