Биз менен байланышыңыз

Израилде 500 миңдей адам соттук реформага каршы митингге чыкты (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2023 | 312 | 0

Израилде сот реформасына каршы 500 миңдей демонстрант көчөгө чыкты. Бул тууралуу Times of Israel басылмасы нааразылык акциясынын уюштуруучуларына шилтеме жасап жазды.

Израилдиктер премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү демилгелеген сот реформасына каршы онунчу жума катары менен нааразылык акциясына чыгууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамдарды кабыл алуу процессине Жогорку соттун таасири чектелет, судьяларды парламенттик көпчүлүк аныктайт. Сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт.

Буга чейин Израилдин президенти Ицхак Герцог элге кайрылып, укук тутумун реформалоо долбоорун өзгөртүү боюнча беш пункттан турган планды сунуштаган.

11-мартта нааразылык акциясынын уюштуруучулары премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун 15-мартта Берлинге пландалган рейсин үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышарын билдиришти.

«Бул Израилде демократияны жок кылууга аракет кылып жаткандар менен болгон күрөштөгү эң оор апталардын бири. Жүрөгүндө көз карандысыздык декларациясы бар ар бир израилдик ушул бейшемби күнү Израил мамлекетин коргоо үчүн күч жана кайраттуулукту көрсөтүшү керек», — деп айтылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Чакан митингдер Израилдин Иерусалим, Ашдод, Эфрат, Модиин, Нетанья, Кфар Саба, Явне, Герзлия, Бейт Шемеш, Ришон Лезион жана Бат Йам сыяктуу өлкө боюнча кеминде 95 жерде өткөрүлдү.

Уюштуруучулардын айтымында, Тель-Авивде 240 миңдей адам, өлкө боюнча дагы 100гө жакын жерде 250 миңдей адам, анын ичинде Иерусалимдеги президенттик резиденцияда 20 миңдей адам чогулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM