Биз менен байланышыңыз

Исманкуловдун клиникасы шаардык оорукананын имаратынан чыгарылды (видео)

Кыска кабар | 12 Мар 2023 | 365 | 0

Бишкекте Алмазбек Исманкуловдун «Көз микрохирургия» жеке клиникасы кызматкерлери менен бирге №6 шаардык оорукананын имаратынан чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Мындай чечим муниципалдык менчик боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынганы айтылды.

11-мартта клиникага Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын кызматкерлери жана вице-мэр Нурдан Орунтаев келишкен. Алар ижара келишимин токтотуу чечимин клиниканын кызматкерлерине тапшырып, клиниканын бардык эмеректерин сыртка чыгарышкан.

Офтальмолог-хирург Алмазбек Исманкулов Бишкектин Октябрь райондук сотунун 12-февралдагы чечими менен 9-апрелге чейин камакка алынган. Башкы прокуратуранын 10-февралдагы маалыматына караганда, Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталган.

Мэриянын тиешелүү бөлүмүнүн жетекчилиги шаардагы №6 клиникалык ооруканасынын экинчи корпусун Алмазбек Исманкулов жетектеген «Көз микрохургиясы» госпиталына ижарага беришкен. Жеке кызыкчылыктарын көздөгөн мэриянын кызмат адамдары ооруканада орундардын жетишсиздигине, имаратты жеке тараптын пайдалануусуна берүүгө мүмкүн эмес экенине карабастан, акысын азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM