Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматта Кайрат Иманалиевдин башка ишке өткөндүгү айтылган.
Кайрат Иманалиев КТРКнын (мурдагы аталышы) директору болуп 2022-жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин каналды Бактияр Алиев жетектеген.
Кайрат Иманалиев алгач эмгек жолун ушул корпорациянын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы болуу менен баштаган. 2018-жылы КТРКнын радиоуктуруу тармагы боюнча башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.
2019-жылы Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалган. 2021-жылы февраль айынан октябрь айына чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп иштеген.