Марал Радиосу

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматта Кайрат Иманалиевдин башка ишке өткөндүгү айтылган.

Кайрат Иманалиев КТРКнын (мурдагы аталышы) директору болуп 2022-жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин каналды Бактияр Алиев жетектеген.

Кайрат Иманалиев алгач эмгек жолун ушул корпорациянын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы болуу менен баштаган. 2018-жылы КТРКнын радиоуктуруу тармагы боюнча башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.

2019-жылы Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалган. 2021-жылы февраль айынан октябрь айына чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп иштеген.

Exit mobile version