Биз менен байланышыңыз

«Алай» футбол клубу Кыргызстандын Супер кубогун утуп алды

Кыска кабар , Спорт | 9 Мар 2023 | 662 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын 2023-жылдагы Супер кубогун Оштун «Алай» командасы утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.

Чечүүчү беттеш кечээ, 8-мартта Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо «Абдыш-Ата» клубу менен «Алай» клубунун ортосунда болгон.

«Алайды» жеңүүчү кылган жалгыз голду оюндун 82-мүнөтүндө борбордук чабуулчу Рыскелди Артыкбаев тээп берген.

Футбол боюнча Кыргызстандын Супер кубогу 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Эң алгачкы Супер кубокту Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» клубу уткан. Ал эми 2023-жылдагы чемпион Оштун «Алай» клубу 2017-жылы жана 2018-жылы эки жыл катары менен Супер кубокту жеңип алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM