Биз менен байланышыңыз

50дөн ашканда окууга тапшырган, үйүндө жеке бизнесин ачкан айымдар

Көңүл ачуу , Марал шоу | 7 Мар 2023 | 6799 | 1

Аялзаты жеңбеген бир да кыйынчылык жок. Биздин бүгүнкү каармандарыбыз да ошондой тоскоолдук, кыйынчылыктарды жеңип чыгып, көкүрөктөгү каалоосуна жеткен, ошол эле учурда үй-бүлөлүк турмушту да аксатпай алып кеткен учурдун мыкты аялзаттары. 8-март — Аялзаттын эл аралык күнүнө карата өздөрүнүн жетишкендиктери туурасында «Маралга» буларды айтып беришти. 

Айгүл Тоголокова — учурда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде 2-курста окуйт. Жакында эле ырлар жыйнагы басмадан жарык көрдү. Анын билим алсам деген каалоосу 50 жаштан өткөндөн кийин гана орундалып отурат.

— 19 жашымда турмушка чыккам, беш баланын энесимин. Жаш кезимде «окуйм, көп нерсени жасайм» деген тилегим бар болчу. Ал тилегим орундалбай, отуз жыл балдарым менен үйдө олтурдум. Документтеримди даярдап, окууга тапшырар кезде эле жолдошум каршы чыгып койчу. А кишиге дамамат балдарды тарбиялоо үчүн эне сөзсүз билим алып, билимдүү болушу керектигин түшүндүрүп келдим. Анткени балага багыт берип, окуусун ийгиликтүү алып кетүүсүнө билимсиздигим кыйынчылык жаратып туруп алчу.

Коомубузда аялдардын орду өтө чоң. Аял киши туура үйдө отурушу керек, бала тарбиялашы керек. Ошол эле учурда өзүнүн  ички жан дүйнөсүндөгү каалоосун чогуу алып кетиши керек экен. Азыр жолдошумдун көз карашы өзгөрүп, балдарым дайыма колдоп турушат.

Мураталы кызы Керемет — учурда бала менен үйдө отурат. Аны менен катар атайын тапшырык, буйрутма алып, киреше табууга да үлгүрүп келет. Бизге ал иштейм деген каалоо болсо, эч нерсе тоскоол боло албасын баяндап берди.

— Мен  үйдө эле олтуруп иштеп, 15 күндө 45-50 миң сом табам. Ошол эле учурда балдарымды да карап, аны менен катар айылдагы жана шаардагы айымдардын үйдө отуруп, киреше табуусуна жүз пайыз жардам берип жатам.

Жубайым жакшы кабыл алып, жардам берет. Түштө жумушка баргандыктан, түшкө чейин көп ишти бүтүрүп алам. Түндө балдарымды уктатып коюп, элден алган буйрутмаларды түнкү 12ден эрте мененки 7ге чейин жасап бүтүрөм. Сегизде балдарым ойгонот, тамагын берип карап, түштө жомок окуп берип уктатып, өзүм да кошо эс алып алам. Мага даамдуу, таттууларды  жасоо үчүн буйрутма жумасына эки-үч жолу болуп турат. Андан сырткары күнүнө кожейкелерге сабак өтүп турам.

Башында видео тарта албай, же таттууларым окшошпой, өзүмө-өзүм жиним келип, көп эле кыйналдым. Балдарыма, жолдошума андай учурду көрсөтпөгөнгө аракет кылдым. Баарын сабырдуулук  менен жеңип өттүм. Азыр оңой болуп калды.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Сабира

    29.08.2023 09:50

    Жубайым жакшы кабыл алып, жардам берет. Ушуну оңдоп койсоңуздар болмок жубайым болуп калыптыр(жолдошум болуш керек болчу).

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM