Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы мелдеште алтын багындырды

Кыска кабар , Спорт | 5 Мар 2023 | 617 | 0

Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдеште алтын медаль утту.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал үч балбанды караандатпай утуп, финалда польшалык балбандын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Спорттук иш-чара 2-5-март күндөрү София шаарында өтүүдө.

Мелдешке Кыргызстандын атынан төрт балбан аттанган:

1. Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
2. Амантур Исмаилов (67 кг);
3. Акжол Махмудов (77 кг);
4. Үзүр Жусупбеков (97 кг).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM