Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов менен Роман Власов PWL лигасында күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 3 Мар 2023 | 859 | 0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL-4) мелдешинде орусиялык Роман Власов менен күрөшөт. Бул тууралуу аталган лиганын расмий сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өтөт.

Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат. Мындан сырткары PWL-4 мелдешинде Азербайжан, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Молдавия, Япония жана Орусиядан келген спортчулар арасында 12 беттеш өтөт.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов Дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Эскерте кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) 2022-жылдын май айында уюштурулуп, анын биринчи мелдеши Орусиянын ЦСКА футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн. Үчүнчүсү Бишкекте өтүп, кыргызстандык үч балбан күрөшкөн.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн миңдей балбан күчүн сынайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM