Биз менен байланышыңыз

Билим берүү: Жаңы министрдин «жалындуу» демилгелери

Билим-маданият | 27 Фев 2023 | 1605 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги талкууланып, жыйынтыгында бир добуштан жактырылды.

Каныбек Иманалиев мурдагы кесиптештеринин алдында сөз сүйлөп жатып, билим берүүдөгү көйгөйлөргө токтолуп, реформага багытталган концепция бир айда иштелип бүтөрүн айтты.

Айрыкча мектептерди компьютер менен камсыз кылууга, китепканаларды жаңыртууга, мугалимдердин аброюн көтөрүүгө багытталган сунуштары бар экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө республика боюнча 600 миң жеткинчек бала бакчага барбайт. Мындан тышкары орто билим берүү мекемелериндеги окуу программасынын 60 пайызы дүйнөлүк стандартка туура келбейт. Ал эми жыл сайын 2 млрд сом жумшалган кесиптик лицейлерге бүтүрүүчүлөрдүн 15 пайызы гана тапшырат. Андыктан билим берүү системасын өзгөртүшүбүз керек. 

Сиздерден акча сурабай, бирок билим берүүгө эффект бере турган сунуштарым бар. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясынын он миңдеген компьютери шайлоо күнү гана колдонулуп, калган күндөрү чаң басып турат, ошону мектептерге берүү керек. Эмне деген акча сарпталган ага, аны мектептер пайдалансын, ал үчүн токтом чыгаруу керек. Мындан тышкары айылдарда 3 миң китепкана бар, ага эл барбайт, бирок китепканачы айлык алат, ошолорду мектепке өткөрүп берсин. Биринчи класска даярдай турган курс ачалы», — деди Иманалиев.

Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов аз убакытта эле үчүнчү министр дайындалып жатканын белгилеп, жетекчи алмашкан сайын тармактагы реформалар ишке ашпай келгенин айтты.

«Министрлер алмашкан сайын билим берүү системасы артка кетип жатат. Бул абдан өкүнүчтүү. Эртең сиз да саясий пикир келишпестик болсо, «мен бул бийлик өлкөнү туңгуюкка алып барат деп айттым эле, ошондой болот экен» деп кетип калсаңыз кандай болот? Эгер сиз да кетип калсаңыз, анда депутаттык ишмердүүлүгүңүздөгү айткандарыңыз да популисттик сөз экенин көрсөтөт. «Жумушка келгенде аткарышы кыйын экен, сөзгө келгенде сүйлөй беришет экен» деп эл да айтат», — деп эскертти Маткеримов.

Каныбек Иманалиев 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон. Айрым маалыматтарга караганда, бул кызматты ага бийлик сунуштаган. Иманалиев буга чейин азыркы президент Садыр Жапаровдун бийлигин сындап келген.

Ал комитеттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, райондук билим берүү башкармалыктарын аким дайындагандыктан, аймактардагы билим берүүгө жергиликтүү бийлик да жоопкерчилик алышы керектигин айтты. Бул себепке байланыштуу министр катары алгачкы коллегиялык жыйынды Жалал-Абад облусунда өткөрүүнү туура көрүүдө.

«Айылдан бир мектепте спорт чемпиону же бизнесмен чыкса, биздин бала дешет, проблема болсо эле министрликке түртүп коюшат. Эмне үчүн билим берүүнү жалгыз эле министрлик көзөмөлдөшү керек? Акимдер өз аймагындагы мектептердеги абалды билиши керек, биз жоопкерчиликтен качпайбыз, бирок жергиликтүү бийлик да кол кабыш кылышы керек. Башка эмне иштери бар алардын? Акимдердин ишин баалоонун критерийлеринин бири — билим берүү болушу керек», — деди Иманалиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев жаңы билим берүү министри тез арада аткарышы керек болгон милдеттер тууралуу ой бөлүштү:

«Каныбек Иманалиевдин алдында өтө чоң иштер турат. Тилекке каршы, Кыргызстанда билим берүү тармагы эл аралык стандарттарда, рейтингдерде өтө төмөн. Мектепте балдарыбыздын келечегине пайдасы тие турган өзгөчөлүктү бере албай жатабыз. Ошол үчүн азыр жаңы мыйзам долбоору иштелип жатат. Эгер Иманалиев прогрессивдүү идеялары бар мыйзам долбоорун колдосо, министрликте 10-15 жылдап иштеп, жаңылык киргизе албаган, бул тармакты артка тарткан чиновниктердин сөзүнөн чыгып, Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүгө идеяларды киргизсе, анда жакшы иштеп кете алат. Ошондой кыла алабы, аны убакыт көрсөтөт».

«Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси түзүлөт

Каныбек Иманалиев май айына чейин билим берүү жөнүндө концепцияны кабыл алып берүүнү өтүндү. 1-сентябрга чейин жаңы билим берүү стандарттары киргизилиши керек.

Ал мындан тышкары бир орун басары болорун жана ал айлык албай иштей турганын белгиледи.

«БУУнун «Миң жылдык чакырык» программасы бар. Ал жерде төртүнчү абзацта мындай деп көрсөтүлгөн: мамлекеттик карызды билимге алмаштыруу. Орун басарым айлык албайт, дипломатты табабыз, ал Кыргызстандын карыздарын төлөө мөөнөтүн жылдыруу же аларды кечүү менен алектенет. Мунун натыйжасы үч жылдан кийин болушу мүмкүн. Бул дүйнөлүк практика, мен сиздерден билим берүү үчүн башкача жол менен каражат сурайм. Бул үчүн мыкты дипломаттар, терең билим керек», — дейт Каныбек Иманалиев.

Иманалиев 24-февралда президенттин жарлыгы менен билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталган. Эми парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Жазуучу, журналист, саясатчы Каныбек Иманалиев 54 жашта. Ал 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1998-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясын саясат таануу адистигинде аяктаган.

2002-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясында кандидаттык диссертациясын, 2010-жылы Орусия Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда докторлук диссертациясын жактаган.

1992-1994-жылдары «Асаба» гезитинде кабарчы, 1996-1999-жылдары Президенттин басма сөз катчысы, 1999-2004-жылдары «Учкун» акционердик коомунун директору сыяктуу кызматтарды аркалаган. 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Copyright © 2017 Maral FM