Биз менен байланышыңыз

«Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси түзүлөт

Кыска кабар | 26 Фев 2023 | 498 | 0

28-февралда Кыргызстанда сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жарандардын жана бул тармактагы уюм-мекемелердин катышуусунда талкуу уюштурулат.

Иш-чаранын алкагында ыктыярдуу, эч кандай каттоо талап кылынбаган жана жарандар менен уюм-мекемелерден турган «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси түзүлөт.

«Биригүүдөгү башкы максатыбыз Кыргызстандагы ар бир жаранга сапаттуу билим берүүнү жеткиликтүү кылуу. Жашаган жерине, жаш курагына, саламаттыгына, этникалык тегине, жынысына, ишенимине карабай, ар бир адам үчүн сапаттуу билим жеткиликтүү болуш керек. Сапаттуу билим – өлкөнүн, коомдун өнүгүүсүнүн негизи, адамдык потенциалды атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай деңгээлге жогорулатуу жана экономиканы бекемдөө» , — деп айтылат маалыматта.

Демилгени белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү тармагындагы адистер жана илимпоздор колдоого алган.

Жолугушуу Бишкек шаарындагы Новотел мейманканасында 28-февралда саат 19:00дө өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM