Биз менен байланышыңыз

Египеттеги мелдеш: Кыргыз балбаны жеңишке жетеринде эсин жоготуп койду (видео)

Кыска кабар , Спорт | 27 Фев 2023 | 3708 | 0

Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов Египетте өтүп жаткан рейтингдик турнирдеги беттеш учурунда эс-учун жоготту.

Алибек Осмонов аталган мелдешке эркин күрөш боюнча 65 кг салмакта катышкан.

Ал 1/8 финалда пуэрто-риколук Себастьян Ривера менен беттешип, кыргыз балбаны ишенимдүү түрдө алдыга чыгып келе жаткан.

Бирок атаандашы чабуулга өтөрдө Алибек Осмоновду тизеси менен башка тепкен. Натыйжада Осмонов килем үстүнөн эс-учун жоготту. Бул учурду атаандашы пайдаланып 6 упай алган.

Алибек Осмонов ээсине келгенден кийин күрөштү улантканы менен алган жаракатынан улам 15:7 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM