Биз менен байланышыңыз

Египеттеги мелдеш: Кыргызстан грек-рим күрөшү боюнча 3-орунду алды

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Египетте өткөн рейтингдик турнирде 3-орунду ээледи.

Ушул күндөрү Египеттин Александрия шаарында 2023-жылдын экинчи рейтингдик турнири өтүүдө.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 23-24-февраль күндөрү өтүп, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстандын атынан аталган күрөштүн түрү боюнча 10 спортчу катышкан.

Командалык эсепте Кыргызстандын грек–рим күрөшү боюнча курама командасы 3-орунду ээледи.

Ал эми 1-орунду Грузия, 2-орунду Казакстан камсыздады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM