Биз менен байланышыңыз

Египеттеги мелдеш: Айсулуу, Айпери жана Мээрим алгачкы атаандаштарын жеңди (сүрөт)

Кыска кабар , Спорт | 24 Фев 2023 | 361 | 0

Кыргызстандык балбан кыздар Египетте өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык Ибрагим Мустафа турниринде алгачкы атаандаштарын утуп алышты. Маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) сайтына жарыяланды.

62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова франциялык спортчу Амелин Дуарды 7:0 эсебинде, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы германиялык Франци Рейдельтти 11:0 эсебинде, 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова болгариялык Юлиана Яневаны эки упай айырмасы менен жеңишти.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов 63 кг салмакта жана Раззак Бейшекеев 67 кг салмакта коло медаль алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM