Connect with us

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу болуп өттү

Кыска кабар | 19 Фев 2023 | 575 | 0

Быйыл 12-18-февралда Фергана шаарында (Өзбекстан) Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты, ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө Графиги макулдашылды.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөрү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM