Быйыл 12-18-февралда Фергана шаарында (Өзбекстан) Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлайт.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты, ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө Графиги макулдашылды.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөрү айтылды.