Биз менен байланышыңыз

Куткаруучу: Сырттан байкатпаган менен жүрөктөр тызылдайт

Коом , Күн чекит | 14 Фев 2023 | 6343 | 0

Түркия менен Сириядагы жер титирөөгө тогуз күн болду. Акыркы маалыматтар боюнча эки өлкөдө набыт болгондордун саны 37 миңден ашты. 11-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму зилзаладан 26 миллиондой адам жабыр тартканын билдирген.  Окуя болгон жерде 100 миңден ашык куткаруучу күнү-түнү иш алып барышууда. Алардын катарында Кыргызстандан барган 115 куткаруучу жана 6 дарыгер бар. 

Кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында издөө, куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Биздин куткаруучулар жалпы беш жаранды тирүү,  150дөн ашык адамдын сөөгүн да алып чыгышкан. Түркияда куткаруучулук милдетин өтөп жаткан мекендештерибиздин бири көзүнө жаш алып, беш айлык ымыркайды чыгарып жаткандагы чоң атасынын абалын жана ал жактагы жашоо тууралуу айтып берди.

«Иш-чаралар активдүү, интенсивдүү болот. Балдар аябай чарчайт, ага карабастан балдарга дем беребиз, тамашалашабыз, чогуу суу ичебиз, тамактанабыз. Кечээ күнү беш айлык ымыркайды алып чыктык урандынын астынан. Чоң атасы кызын тапканча бир сааттай убакыт кучагына алып кармап турду. Биз иш үстүндө каттоого алып жатабыз, чоң атасынын ыйлап жаткан абалын көрүп, сырттан байкатпасак да, жүрөктөгү сезим ойгонот экен».

Кыргызстандан барган куткаруучулардын ишин түркиялык телеканалдар түз чагылдырып, кыргыз куткаруучуларынын эмгегин баалап, аларга ыраазычылыктарын билдирген видео интернетте тарады. Анда алар тирүү жаранды урандылардын астынан аман алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп бергенден кийинки кубанычтуу көз ирмемдерди түркиялык журналист баяндап берди.

«Булар — Кыргызстандан келген куткаруучулар. Алар бешинчи кабатта жашаган 16 жаштагы жаранды табышты. Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп бергенден кийин кубанычтарын бөлүшүп, бири-бири менен кол алышып, куттуктап жатышат. Алар ар бир тирүү адамды алып чыгышкандан кийин бири-бирине ыраазычылыктарын билдиришет. Бул адамдар бири-бирин буга чейин эч көрүшкөн эмес, бири-бирин таанышпайт, бирок бир жанды куткаруу үчүн саттар бою бир жүрөк, бир кол, бир эл болуп жардам берип жатышат».

Ошондой эле кыргыз куткаруучулары 22 жаштагы кош бойлуу келинди жана 7 жаштагы өспүрүмдү тирүү куткарышкан. Кечээ 180 саат урандынын астында жаткан жаранды алып чыгышкан.

«13- февралда Хайрулло аймагына үчүнчү топтогу куткаруучуларыбыз келип, 14:45те 38 жаштагы Х.А аттуу жаранды тирүү алып чыгышкан».

Түркияда жүргөн куткаруучулардын башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаевдин айтымында, кечээ кыргыз куткаруучулары төртүнчү жаранды тирүү куткарган. Табылган жаран көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жашаган. Аны алып чыгуу иши алты саатка созулган.

«Кыргыз куткаруучулары төртүнчү эрдигин жасады. Бүгүн түрк жаранын алты сааттык иштин натыйжасында көп кабаттуу үйдүн эң астынан алып чыгышты. Мунун баары тынымсыз, кылдаттык менен жасалган иштин аркасында жүзөгө ашты. Тез жардам кызматына өткөрүп бердик».

Түркияда жер титирөөдө кыргызстандык мигрант да каза болгон. Келиндин сөөгү Токтогул районунун Чеч-Дөбө айылына бүгүн, 14-февралда алып келинди. Ал 11-февралда табылган. Жакындарынын айтымында, маркум Түркияда бир карыяны багып иштеп жүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM