Connect with us

Түркиядагы зилзалада кыргызстандык аял каза болду

Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 2968 | 0

Түркиянын жер титирөө катталган Хатай аймагында дайынсыз болуп жатканы айтылган 36 жаштагы кыргызстандык келин урандынын алдында калып, жан берди. Бул тууралуу «Маралга» анын эжеси кабарлады.

Бир күн мурун ал «Маралга» комментарий берип, сиңдисинин сөөгү табылбай жатканын айткан. Ал бир жылдан бери Хатайда карыя багып, иштеп жүргөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 10-февраль саат 12:00гө карата «Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Кыргызстандын жараны каза болду» деген маалыматты азырынча тастыктабай турганын билдирди.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны акыркы маалыматтар боюнча 20 миңден ашты. Урандыларды тазалоо уланып жатат жана мындан улам курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

Сириядагы абал: куткаруучулардын саны аз, гумжардам жетишсиз

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Кыргызстандын жарандарынын арасында каза болгондор боюнча тастыкталган маалымат жок экенин айткан. Хатай провинциясындагы зилзалада Кыргызстандын бир жараны каза тапканын 9-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу «Азаттыкка» тастыктаган.

Учурда жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан кыргызстандыктарды чыгарып кетүү иштери уланууда. Дипломаттардын бир тобу Кыргыз Республикасынын муктаж жарандарына жардам көрсөтүү үчүн Газиантеп шаарынан Кахраманмараш шаарына жөнөп кетсе, башка бир тобу жакындары менен байланышка чыкпаган жарандарды издөө үчүн Шанлыурфа шаарын көздөй жолго чыккан.

Анталиядагы Башкы консулдуктун кызматкери Хатай шаарындагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле байланышка чыкпай жаткан мекендештерди издөө иштери да жүрүп жатат.

Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы үч күндүн ичинде миңге жакын чалуу жана билдирүү келген.

Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары ачылды. Жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн элчилик тарабынан акча которуу үчүн атайын эсептер ачылды.

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгынын (AFAD) маалыматына ылайык, жер титирөө болгон аймактан кургактык, темир жол жана аба транспорту менен 28 044 киши эвакуацияланды.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглунун айтымына ылайык, 95 мамлекеттен жана 16 эл аралык уюмдан жардам сунуштары түшкөн. 9-февралга карата дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандан да 6 479 киши куткаруу иштерин жүргүзүдөө.

Түркиянын Юстиция министри жер титирөө болгон аймакта үйлөрдү курууга катышкан бардык жеке адамдарга жана компанияларга каршы иш башталганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM