Биз менен байланышыңыз

Сириядагы абал: куткаруучулардын саны аз, гумжардам жетишсиз

Дүйнө | 9 Фев 2023 | 681 | 0

Сириядагы зилзаладан каза болгон адамдардын саны 3 миңге, ал эми жараат алгандардын саны 4 миңге жакындап калды. Бул тууралуу бир канча эл аралык медиалар жазышты. Эл аралык медиалардын маалыматына караганда, Сирияда куткаруучулар жана жабыркагандарга гуманитардык жардам жетишсиз болууда. Эксперттер баш өлкөлөр Сирияга жардам берүүдөн кооптонуп жатышканын айтышууда. Ал эми эл аралык уюмдар Сирияга гуманитардык жардамды киргизүү үчүн санкциялар тоскоолдук кылып жатканын билдиришти. Бирок буга карабастан бир канча өлкө Сирияга акчалай жана гумжардам түрүндө көмөк көрсөтүп жатат. Ал эми Кыргызстан менен Сириянын ортосунда дипломатиялык мамиле барбы? Кыргызстан Сириядагы жабыркагандарга кантип жардам бере алат? 

Үч күн мурун Түркия менен Сириянын чектешкен аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Андан каза болгондордун саны 3 миңге, ал эми жараат алгандардын саны 4 миңге жакындап калды. Бүгүнкү күндө талкаланган имараттардын астында калган адамдарды куткаруу иштери уланууда.

Социалдык тармактар аркылуу тараган видеолордо зилзаладан аман калган сириялыктардын айткандарына токтолсок:

— Таңкы саат төрттөгү башыбыздан өткөргөн окуяны сөз менен жеткирүү кыйын. Буга чейин мындай окуя такыр болгон эмес. Көптөгөн үйлөр дароо эле кулап түштү. Мен үй-бүлөм менен аман калганга үлгүрдүк. Бирок айрым кошуналарабыз жетишпей калышты.

— Кырдаал өтө оор. Сириянын түндүгүндө жашагандар өтө оор апааттын күбөсү болдук. Куткаруучулар азыркыга чейин адамдардын денесин чыгарып жатышат. Бул жумуштар дагы бир канча күнгө чейин созулса керек. Ооруканалар толуп, дарыгерлердин күчү жетпей калууда.

Бир күн мурун Сириянын Кызыл Крест уюмунун башчысы Халед Хбубати дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу жасап, Сирияга жардам берүү үчүн Дамаскка каршы бир тараптуу санкцияларды алып салууга чакырган. Анткени өлкө атайын техника камсыз менен кылууга муктаж.

«Биз жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Сирияга киргизилген блокаданы жана экономикалык санкцияларды алып салууга чакырып жатабыз. Бизге издөө-куткаруу иштерин тездетүү үчүн оор техника, тез жардам жана өрт өчүрүүчү бригадалар керек».

Мындан сырткары БУУнун Гуманитардык жардамды координациялоо кеңсесинин басма сөз катчысы Мадеви Сун-Суона бузулган жолдор жана башка логистикалык көйгөйлөрдөн улам Сирияга гуманитардык жардам киргизүү убактылуу токтотулганын билдирди.

Ал эми кыргызстандык экперттердин айтымында, Кыргызстан Сирияга эл аралык уюмдар аркылуу гана жардам көрсөтө алат.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Руслан Жалил мындай учурда саясаттан алыс болуп, жөнөкөй элге жардам берүү керек деген ойдо.

Ал «Кызыл ай коому», БУУ жана башка ушул сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу гуманитардык жардам берсе болорун айтты.

Мындан сырткары ал Сириядагы жарандык согушту эске алуу керектигин эскертти.

«Бул Кыргызстан үчүн татаал маселе. Эгер мүмкүнчүлүк болсо саясий абалга карабай жардам берүү керек. Бул апаат. Саясий бир схема эмес. Бул жерде жөнөкөй эл кыйналып жатат. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгону үчүн чоң өлкөлөрдүн көзөмөлүндөбүз. Муну да эске алып, этият кылуу менен кыймылдаш керек. Жардам бере турган аракеттерибиз залакасын саясий же экономика жагынан алып келбесе, анда сөзсүз жардам берсе болот».

Дагы бир эксперт Игорь Шестаков Кыргызстан менен Сириянын ортосунда дипломатиялык мамиле бар экенин айтат.

«Бирок азыркы учурда Сирияга жардам көрсөтүү кооптуу. Сирия менен Кыргызстандын ортосунда расмий кызматташуу бар. Бирок ал Сирияда жарандык согуш токтой элек. Ал эми Кыргызстан Сирияга жардам бере турган болсо, бир гана эл аралык уюмдар аркылуу бериш керек. Ал жакка түз барууга мүмкүн эмес. Маалымат каражаттарында бир гана Түркияга эле жардам көрсөтүлүп жатканы айтылууда. Бирок Сирияны ага салыштырбаш керек».

Европа комиссиясы жер титирөөдөн кийин Түркия менен Сирияга 6,5 миллион евро жардам бөлөрүн билдирди.

Ошондой эле Кытай Сирияга жер титирөөдөн жабыркагандарга 30 миллион юань (болжол менен 4,4 миллион доллар) гуманитардык жардам жөнөтө турганын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы кабарлады.

Мындан сырткары орус аскерлери Сириядагы кыйраткыч жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштерин улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM