Президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду.
Жумушчу топ 2023-жылдын 1-июнуна чейин мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышы керек.
Жумушчу топту Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы жумушчу Мурат Укушов жетектейт.
Курамы:
-Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Айылчиев,
-ушул эле бөлүмдүн эксперти Акылбек Туратбек уулу,
-Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев,
-Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын методологиялык иш бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Ажыбаев,
-«Адилет» укуктук клиникасынын» өкүлү Аида Курманбаева,
-«Жарандык катышуу» коомдук фондунун өкүлү Айбек Аскарбеков,
-«Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун өкүлү Бакыта Качикеева,
-«Кей Джи юристтер коомчулугу» коомдук фондунун өкүлү Таттуубүбү Эргешбаева,
-«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков,
-«Сорос Кыргызстан» коомдук фондунун өкүлү Искендер Какеев,
-«Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү Гульнара Ускенбаева,
-«Биздин укук» коомдук фондунун өкүлү Калича Умуралиева,
-«Бир дүйнө — Кыргызстан» коомдук бирикмесинин өкүлү Аида Байжуманова,
-«Өнүктүрүү саясий институту» коомдук бирикмесинин өкүлү Надежда Добрецова,
-«Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү Галина Чиркина,
-«Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери» коомдук бирикмесинин өкүлү Азизбек Ашуров,
-көз карандысыз юридикалык эксперт Тахмина Ашуралиева,
-«Жарандык демилгелерди илгерилетүү боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү Бакытбек Сатыбеков,
-Эл аралык коммерциялык эмес укук борборунун өкүлү Аида Жуманазарова.