Марал Радиосу

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү

Президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду.

Жумушчу топ 2023-жылдын 1-июнуна чейин мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышы керек.

Жумушчу топту Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы жумушчу Мурат Укушов жетектейт.

Курамы: 

-Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Айылчиев,

-ушул эле бөлүмдүн эксперти Акылбек Туратбек уулу,

-Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев,

-Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын методологиялык иш бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Ажыбаев,

-«Адилет» укуктук клиникасынын» өкүлү Аида Курманбаева,

-«Жарандык катышуу» коомдук фондунун өкүлү Айбек Аскарбеков,

-«Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун өкүлү Бакыта Качикеева,

-«Кей Джи юристтер коомчулугу» коомдук фондунун өкүлү Таттуубүбү Эргешбаева,

-«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков,

-«Сорос Кыргызстан» коомдук фондунун өкүлү Искендер Какеев,

-«Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү Гульнара Ускенбаева,

-«Биздин укук» коомдук фондунун өкүлү Калича Умуралиева,

-«Бир дүйнө — Кыргызстан» коомдук бирикмесинин өкүлү Аида Байжуманова,

-«Өнүктүрүү саясий институту» коомдук бирикмесинин өкүлү Надежда Добрецова,

-«Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү  Галина Чиркина,

-«Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери» коомдук бирикмесинин өкүлү Азизбек Ашуров,

-көз карандысыз юридикалык эксперт Тахмина Ашуралиева,

-«Жарандык демилгелерди илгерилетүү боюнча альянс» коомдук бирикмесинин өкүлү Бакытбек Сатыбеков,

-Эл аралык коммерциялык эмес укук борборунун өкүлү Аида Жуманазарова.

Exit mobile version