Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Түркияда катталган зилзаланын кесепеттерин жоюуга байланыштуу жардам чогултуп жатат.
Мекеменин маалыматына караганда, жардамдар өлкөдөгү ар бир мечитте топтолууда. Кийим-кече, жууркан-төшөнчү жана буюм-тайымдар мүмкүн болушунча жаңы жана кышкы шарттарга ылайык болушу зарыл.
Ал эми акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандарга атайын бирдиктүү эсеп ачылган. Төмөнкү реквизиттерге акча которууга болот:
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);
Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;
Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.
Муфтият учурда табият кырсыгынан жабыр тарткан жана каза болгон түркиялык бир туугандарга жүздөгөн хатмылар окулуп жатканын кошумчалады.
Сирия: Жаңы төрөлгөн наристе киндиги кесилбеген абалда куткарылып, энеси каза болгон