Биз менен байланышыңыз

Сирия: Жаңы төрөлгөн наристе киндиги кесилбеген абалда куткарылып, энеси каза болгон

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2023 | 293 | 0

Сириянын түндүгүндөгү үйдүн урандыларынын арасынан жаңы төрөлгөн ымыркайды  тирүү куткарып алышкан. Бул тууралуу бир катар эл аралык басылмалар жазды.

Туугандары наристе энеси менен киндиги кесилбегени үчүн тирүү калганын айтышкан. Бир үй-бүлөдөн жалгыз ымыркай аман калган. Башка үй-бүлө мүчөлөрү баары урандылардын астында калып мүрт кеткен.

«Биз урандылардын астынан баланы киндиги менен таптык. Ошондуктан биз аны кесип, менин бөлөм аны ооруканага алып барды”, — деп айтып берген ымыркайдын жакындары.

Учурда жаңы төрөлгөн наристени жакынкы Африн шаарына дарылоо үчүн алып кетишкен. Ал эми көп өтпөй атасы Абдулла, апасы Афра, төрт бир тууган жана жеңесинин сөөктөрү урандылардын астынан табылган.

6-февралда Түркиянын чыгышы жана Сириянын түндүк тарабында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө сутка ичинде эки ирет катталган. Анын айынан каза болгондор саны азыр эки өлкөнү кошкондо 12 миңге чукулдады. Мында Түркиянын 10 облусу жабыркап, учурда өзгөчө абал жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM