Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу кыргызстандыктарга төлөнбөгөн эмгек акыны алууга жардам берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында иш берүүчүлөр кыргызстандыктарга 3 млн 269 миң 700 рубль өлчөмүндөгү эмгек акы карызын төлөп беришти.
Бул багыттагы иштер улантылат.