Марал Радиосу

Кыргызстандык мигранттар төлөнбөгөн эмгек акыларын алышты

Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу кыргызстандыктарга төлөнбөгөн эмгек акыны алууга жардам берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында иш берүүчүлөр кыргызстандыктарга 3 млн 269 миң 700 рубль өлчөмүндөгү эмгек акы карызын төлөп беришти.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Exit mobile version