Биз менен байланышыңыз

4-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Фев 2023 | 193 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Бишкекте 4-февралга караган түнү кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз +4…+6 болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM