Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,
Бишкекте 4-февралга караган түнү кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз +4…+6 болот.