Биз менен байланышыңыз

Баткенге жардам: Атайын эсепте канча акча бар экени маалымдалды

Кыска кабар | 2 Фев 2023 | 1028 | 0

Финансы министрлиги Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоо үчүн ачылган атайын эсепте канча акча бар экенин маалымдады.

Атайын эсепке жалпысынан 349 миллион 316,45 сом түшкөн. Бүгүнкү күндө анын 188 млн 945,34 сому бар. Чыгымдар президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жасалды.

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоо үчүн атайын эсеп ачылган. Бул эсеп элдин демилгеси менен ачылып, ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жарандар акча которгон.

Депутат Баткенде эл чогулткан акчанын дайыны боюнча отчёт берүүнү талап кылды

 

Copyright © 2017 Maral FM