Биз менен байланышыңыз

Депутат Баткенде эл чогулткан акчанын дайыны боюнча отчёт берүүнү талап кылды

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 245 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Баткенде былтыр сентябрь айында болгон каргашалуу окуяда жергиликтүү тургундарга элден чогултулган акчанын дайыны боюнча маселе көтөрдү. Ал эмдигиче так маалымат бериле электигин сындады.

«Баткенде күздөгү коогалаңда элден канча акча чогулганы боюнча так маалымат жок. Штабдын башчысы парламентке келип, отчёт берсин, канча акча чогулду, кимге берилди, канча үй салынды, гумжардам толук жеттиби, ушулар тууралуу маалымат берсин, коомго ачыктап коёлу», — деди депутат Токтошев.

Ал мындан тышкары Баткен окуясында курман болгон жоокерлерге «баатыр» наамын берүү, көчөлөргө алардын ысымдарын ыйгаруу сунушуна көңүл бурулбай жатканын айтты.

Былтыр Улуттук тарых музейине Баткендеги кол салууда курман болгон аскерлердин портреттери коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM