Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызынын атаандаштары белгилүү болду

Кыска кабар , Спорт | 2 Фев 2023 | 545 | 0

Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешке катыша турган Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызынын атаандаштары белгилүү болду. Маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) сайтына жарыяланды.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышат. Тыныбекованын алгачкы атаандашы кытайлык Сяоцзюнь Луо (Xiaojuan Luo) болот. Ал буга чейин Азиянын эки жолку чемпиону (2015, 2019-жылдары) болгон. Беттеш 3-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.

Ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынайт. Ал индиялык Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгат. Беттеш 4-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси. Айпери Медет кызы Азиянын чемпиону жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM