Биз менен байланышыңыз

Президент Акылбек Жапаров жана камсыздандыруу мыйзамы тууралуу айтты

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 301 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп жатып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тууралуу суроого жооп берген.

Ал акыркы күндөрү социалдык тармактарда өкмөт башчынын отставкасын талап кылгандар болуп жатканын, алар карапайым калктын арасында да бар экенин айтты. Президент Акылбек Жапаровду атайын каралап жаткан топтор ким экенин билерин айтты.

«Бирок Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында «ал кетсе, ордуна мен бара калсам» деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат. Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт. Ансыз да 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырып, Гиннес китебине киргендей болдук. Азыр мамлекеттик түзүлүш, мамлекетти башкаруу системасы мурдагыдай эмес, башкача. Албетте, мамлекет башчы катары анын ар бир кадамына тыкыр көз салып карап турам. Туура эмес кетип баратса, «бул жерден туура эмес кетип бара жатасыңар, өкмөт, токтогула» деп жол көрсөтүп турам», — деди Садыр Жапаров.

Ал Акылбек Жапаровдун автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу демилгесин көтөргөнгөндөн кийин сынга кабылышы мүмкүн экенин белгилеп, ОСАГО мыйзамы тууралуу да пикирин ачыктады.

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтү жылдырылды

«Баарын териштирип көрүп, долбоорду жылдырдык. Азыр чийки. Анан да бул долбоорду мамлекет өзү колго алышы керек. Эч кандай жеке жактарга бербөө керек. Эл азыр жеке жактарга ишенбейт. Кайсы бир чиновниктин бизнеси деп түшүнөт. Ошол үчүн эл каршы чыгып жатат. Ошондуктан бул долбоорду өзүм көзөмөлгө алып, бардык жагын бышырып, эл өз эрки менен киргендей кылам. Себеби бул долбоор негизинен элге пайдалуу эле долбоор. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында автомобилдер камсыздандырууда турат. Болгону камсыздандырууну туура, адилеттүү, калыс иштетиши керек. Эрежелерин толук иштеп чыгуу үчүн убакыт керек. Жакшы иштеп кетсе, балким, кийинчерээк жеке жактарга да уруксат берсек болот. Элге тандоого мүмкүнчүлүк болот. Автоунааларын мамлекеттик компанияда камсыздандыргысы келеби же жеке компаниядабы. Атаандаштык болуп турат», — деди Садыр Жапаров.

Айдоочуларды автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзамдын мөөнөтү жылдырылганын парламенттин 26-январдагы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM