Биз менен байланышыңыз

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтү жылдырылды

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 1806 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев айдоочуларды автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзамдын мөөнөтү жылдырылганын парламенттин 26-январдагы жыйынында кабарлады.

«Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди, сүйлөштүк. Мен депутаттардын сунушун айттым. Кеңешип, 1-апрелден тарта камсыздандыруу полисин албагандарга айып пул салуунун мөөнөтүн жылдыра турган болдук. Президенттин да ушундай мааниде тапшырмасы бар экен», — деди төрага.

Экономика министрлиги сунуштаган мыйзамга ылайык, өлкөдө 1-апрелге чейин автоунаа ээлери унаасын милдеттүү түрдө камсыздандырышы керектиги айтылган. Унаа ээлеринен айдоочулук күбөлүк гана эмес, камсыздандыруу полиси да талап кылына баштап, эгер айдоочунун камсыздандыруу полиси жок болсо, айып пул салынары эскертилген.

Бул сунуш көпчүлүктүн каршылыгын пайда кылып, депутаттар да мыйзамдын аткарылышын жылдырууну өтүнүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM