Биз менен байланышыңыз

Бензиндин арзандашы эмнеге байланыштуу экени айтылды

Коом , Экономика | 30 Янв 2023 | 1205 | 0

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өткөн жумада бензин 5-6 сомго арзандай турганын билдирген. Буга байланыштуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майга болгон баалар боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Өткөн жылдын декабрь айында бензин 59-60 сом болсо, бүгүнкү күндө 55 сомго чейин төмөндөгөн. Бензиндин арзандашы заводдогу дүң баага байланыштуу экени, ал эми дизель жакын арада арзандабай турганы айтылды.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги буга чейин күйүүчү майды арзандатуу боюнча иш-аракет жүрүп жатканын кабарлаган. Агенттиктин маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан тарта бензиндин дүң баасы арзандоодо. Жакынкы айларда дагы 3-4 сомго арзандашы күтүлүүдө.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы буга байланыштуу жыйын өткөрүп, маалымат берди. Мекеменин аткаруучу директору Канатбек Эшатов Орусиянын заводдору күйүүчү майдын дүң баасын арзандатып жатканын айтты.

Анда ал өткөн жылдын декабрь айында күйүүчү майдын баасы 59-60 сом болсо, бүгүнкү күндө баа 55 сомго чейин төмөндөгөнүн билдирди.

«Декабрь-январь айларында бул көрүнүш жыл сайын кайталанат. Бул убакта мезгилдик аз болсо да арзандатуулар болот. Орусиядагы заводдор бизге берген дүң баасын арзандатып жатат. Ошого жараша Кыргызстанда да бүгүнкү күндө бензин арзандап жатат. Арзандоо декабрда башталган. Бул айда биздин компаниялар 1-1,5 сомго чейин бааны төмөндөткөн. Ал эми январь ичинде 3-4 сомго чейин арзандоо болду».

Эшатовдун айтымында, февраль айында күйүүчү майдын дүң баасы көтөрүлбөсө, анда өлкөдө бензин арзан бойдон калат. Бирок ал бензиндин арзандашы убактылуу сезондук көрүнүш экенин кошумчалады.

«Биздин ассоциациянын 5-6 ири мунай сатуучу компаниясы толугу менен Кыргызстандын ички керектөөсүн камсыздап келет. Бул мезгилдик көрүнүш болгондуктан, февраль айынан баштап Орусиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдор бааларды дагы 10 пайызга жогорулатып беребиз деп жатышат. Бизде февралда, декабрда алган корлор бар. Учурда жолдо келе жаткан корлор бар. Баанын арзандашы февралга чейин улантылат. Эгер заводдор кескин түрдө бааны көтөрбөсө, февраль айында дагы 3-4 сомго арзандашы мүмкүн».

Кыргызстандык ишканалар Орусиядагы заводдордон 2020-жылы бензиндин тоннасын 300 доллардан алса, 2021-жылы 700 доллардан, 2022-жылы 790-800 доллардын тегерегинде сатып алып жатышкан.

Ал эми дизелдин тоннасы 2020-жылы 350-360 доллардан болсо, 2021-жылы 600 доллардан, 2022-жылы орточо 800 доллардан келип жаткан. Учурда тоннасын 1000 доллардан сатып алышууда.

Ассоциациянын жетекчиси дизель жакын арада арзандабай турганын айтат.

«Ал эми дизелге болгон баа Орусиянын заводдорунда түшпөй эле турат. Алар жогорулагандан жогорулап жатат. Себеби Орусиянын өзүнүн ичинде дизель отунуна таңкыстык болуп жатат. Ал жактагы тартыш былтыркы жылдын февраль айында башталган. Украинада болгон кырдаалга жараша бүгүнкү күндө дизель майы тартыш болуп, суроо-талап көп болуп жатат. Биздин компаниялар дизель майын өз наркынан да арзан сатып жатышат. 10 сомго чейин пайда көрүп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт».

Ал эми быйыл өлкөнүн ички керектөөсүн камсыздоого мунайзаттардын көлөмү жетпей калышы мүмкүн. Эшатов мунун себебин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Быйылкы жылга Энергетика министрлиги тарабынан атайын баланстарга кол коюлган. Тилекке каршы, алар быйылкы жылга көлөмдү азайтып беришти. Былтыркы жылы 650 миң тонна бензин, 550 миң тонна дизель отунун алганбыз. Быйылкы жылга дизель боюнча 485 миң тонна, бензин боюнча 465 миң тонна белгиленди. Ал эми Кыргызстандын ички керектөөсү 1,5 миң тоннага чейин. Баланста болгону 950 миң тонна каралды. Ошондуктан быйыл жыл аягына чейин бул көлөм жетпей калышы мүмкүн. Ошондой эле мунайзаттардын баасы 5 сомго чейин жогорулашы ыктымал».

Учурда Бишкек шаарында А-95 үлгүсүндөгү бензин 62 сомдун тегерегинде, А-92 үлгүсүндөгү бензин 57 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Ал эми дизель орто эсеп менен 73 сомдун айланасында сатылууда. Аймактарда мындан да жогору болушу мүмкүн.

Кыргызстан бир жылда 1 млн 500 тоннанын тегерегинде күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 1 млн тоннага жакыны Орусиядан алып келинсе, калганын ички заводдор камсыздайт.

Copyright © 2017 Maral FM