Биз менен байланышыңыз

КР эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев дүйнө салды

Кыска кабар | 28 Янв 2023 | 502 | 0

Кечээ, 27-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев оорудан көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ал Аламүдүн районунун Байтик айылында 1947-жылы 21-июлда туулган.

1963-жылы Эл чыгармачылыгы үйүнүн аккордеончулар курсун бүтүрүп, 1964-1967-жылдары М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.

1969-жылы радиодо диктор, 1971-жылы Ысык-Көл телерадио станциясында башкы диктор болуп иштеген.

1977-жылы Бүткүл Союздук телерадио кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунун Ташкенттеги филиалында билимин жогорулатып, ошол эле жылы Кыргыз телерадиокорпорациясына радионун диктору жана оркестрине, хоруна солист болуп которулган.

1980-1985-жылдары Кыргыз мамлекеттик орус тили жана адабияты педагогикалык институтунан, 1986-1991-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алган.

М. Рыскулбековдун «Чын эле мен сени таптымбы?», «Жаштыгым сен кайда кеттиң?»; К. Осмоновдун «Энекебай», «Тоолук кыз»; М. Акматовдун «Баратабыз каякка», «Ак сүйүүмдү булгаба»; Т. Казаковдун «Күйдүргүм», «Эстелик»; А. Нурманбетовдун «Табияттын көркү сен» сыяктуу көптөгөн ырларды аткарган.

Бир катар КМШ өлкөлөрүндө чыгармачылык сапарда болуп, Бүткүл Союздук кароолордун бир нече жолку лауреаты жана Ардак грамоталары менен сыйланган.

1991-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM