Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту.
Ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери боюнча макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталарды алмашуу аземи болду.
Шавкат Мирзиёев 26-январда эки күндүк мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Анын алкагында бизнес форум уюштурулуп, тар жана кең чөйрөдөгү жолугушуулар өттү.
Жапаров: Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз