Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 395 | 0

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чындыгында эле тарыхый окуя. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда сөз сүйлөп жатып айтты.

«Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк. Чек ара маселесине чек коюу менен, биз келечек муундун ишенимдүү өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө бекем негиз түзөбүз деп ишенем», — деди Жапаров.

Ал Өзбекстан Кыргызстандын аймактагы стратегиялык өнөктөшү болуп келгенин жана болуп кала берерин, өлкөлөрдү достук, жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турганын белгиледи.

«Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылык жок. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз достуктун, бир туугандыктын жана ынак коңшулуктун негизинде эки тараптуу кызматташтыктын бүткүл чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүүнү камсыз кыла турганыбызды так түшүнүп турабыз. Мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойногон эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары барган сайын алдыга өнүгүүсүн улантууда. Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк», — деди Жапаров.

Садыр Жапаров өзгөчө көңүл бура турган нерсе ушул мамлекеттик визиттин алкагында келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделерин билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен кызматташтык жогорку деңгээлге чыгат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди.

Copyright © 2017 Maral FM