Биз менен байланышыңыз

«Ден соолукка туура кам көрүү үчүн дарыгер менен көбүрөөк сүйлөшүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Янв 2023 | 640 | 0

Жарандар ден соолугуна туура кам көрүшү үчүн дарыгерлердин бейтаптар менен көбүрөөк сүйлөшүүсү керек болууда. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гематологу Шербет Жусупова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бейтаптар ден соолугуна сабаттуу кам көрүшү үчүн дарыгерлер ар бир оорулуу менен кенен сүйлөшүүсү керек. Мындай ченем учурда жок. Жалпы коюлган бир убакыт бар, анда «дарыгер бейтапты кабыл алганда 15 мүнөт, ал эми оор абалда келсе, 30 мүнөт түшүндүрүшү керек» делген. Бирок көп документ толтуруу керек болгону үчүн дарыгер бейтапка кенен убакыт бөлүүгө үлгүрбөйт. Дарыгер түшүндүрүүнүн ордуна көбүнчө анализдерин карап туруп, дары-дармегин жазып берип кетирип жиберет. Элдин нааразычылыгы да ушул. Анын ордуна оорусу жөнүндө түшүндүрүп берсе, бейтап малыматты көбүрөөк алганы үчүн туура дарыланат. Эгер аялдарга, энелерге туура маалымат берилсе, ал сабаттуу болуп, үй-бүлөсүнө да туура кам көрөт. Бейтап менен кенен сүйлөшсөң, ыраазы болуп кетет».

Мисалы, анемия менен жылдап жашап жүргөн аялдар бар. Андай энелердин балдары да сөзсүз аз кандуу болушат. Аз кандуулук жашоосуна да терс таасирин тийгизет, иммунитет түшөт. Оору менен күрөшүү оор өтөт. Ар бир адам өз ден соолугуна жакшы кам көрүшү үчүн жалпы медицинага байланыштуу негизи нерселерди билип алганы пайдалуу. Ошол себептен дарыгердин убактысы документ толтурууга эмес, бейтапты кароого көбүрөөк бөлүнсө жакшы болмогун, ал үчүн өкмөт көңүл бурушу керектигин айтат дарыгер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM