Биз менен байланышыңыз

«Азаттыктын» министрликтин чечимине каршы доо арызы 17-февралда каралат

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 173 | 0

Бүгүн, 26-январда Бишкектин административдик сотунда «Азаттык Медианын» Маданият министрлигинин үстүнөн жазган арызы карала баштады. Мекеме сайтынын ишин бөгөттөө боюнча Маданият министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча арыз менен кайрылган.

Бүгүнкү алдын ала угууда тараптар документтерди, коюлган талаптарды карап тактады. Кийинки отурум 17-февралга белгиленди.

Былтыр 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктан» Баткен окуясы тууралуу «Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу» деген тариздеги маалыматты өчүрүү талабын койгон.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген. Андан бери ЖМКнын сайтынын иши жандандырыла элек. Министрлик 23-январда «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды.

«Азаттык Медиасынын» «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөө комиссиясы «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алган.

20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана «Азаттык» радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон.

Америкалык сенаторлор кыргыз өкмөтүн өзүнүн «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө «Азаттык» радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айтышкан.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу АКШ сенаторлорунун «Азаттык Медиа» боюнча кайрылуусуна жооп берип, «бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыюу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон. Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө», — деп билдирген.

Коңурбаева: Экономика эркиндик болгондо гана иштейт

24-январда Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар Маданият министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызын чакыртып алууну талап кылышкан.

Арызда айтылгандай, министрликтин «Азаттыкка» карата койгон айыбы негизсиз, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды негизсиз колдонуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM