Биз менен байланышыңыз

Коңурбаева: Экономика эркиндик болгондо гана иштейт

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 335 | 0

«Сөз эркиндигин алдыргандан кийин мүлк эркиндигин да алдырууга макул болууга аргасыз болобуз». Мындай пикирин журналист Назгүл Коңурбаева «Азаттыктын» эфиринде айтты. 

Ал сөз эркиндигине карата жасалып жаткан басым тууралуу пикирин билдирип жатып, эркиндиктин экономикадагы ордуна токтолду.

«Бир дагы экономика эркиндик болбосо иштебейт, анын ичинде креативдүү экономика. Эркиндик өзүңдүн турмушуңа, өз оокатыңа ээ болуу дегенди билдирет. Биз эркиндик дегенди батышка тийиштүү, Америкадан келген жат нерсе деп, абстрактуу түшүнүккө айландырып салдык. Негизинен ар бир адам өз оокатына ээ боло алабы деген эле маселе.

Мисалы, азыр орустар жазып жатышпайбы, «биринчи биздин эркиндигибизди алып койду, эми мүлк эркиндигибизди алды, азыр жаныбызды сурап жатат» деп. Аларды согушка жиберип жатпайбы. Демек, биз бүгүн эркиндигибизден баш тарсак, эртеңки күнү мүлк эркиндигинен да баш тартууга макул болушубуз керек. Орустар деле аң-сезими бир күндө ойгоно калган жок, көп процесстен кийин калыптанды. Түркмөн эли да убагында бир адамга сыйынып, жашап калабыз деп ойлошпосо керек» , — деди журналист.

23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ага чейин былтыр 26-октябрда «Азаттык Медианын» веб-сайтынын иштөөсүнө чектөө коюлган жана ЖМКнын банктагы эсеби блоктолгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM