Биз менен байланышыңыз

Анализ тапшырбай туруп, темирдин жетишсиздигин кантип аныктаса болот?

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2023 | 1136 | 0

Аз кандуулукту, тактап айтканда, организдеги темирдин жетишсиздигин (анемия) адамдагы бир канча белгилер менен гана аныктап коюуга болот. Темир жетишпеген адамдын териси кургайт, чачтары көп түшүп, сынат, батыраак алы кетет жана кубарып калат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гематологу Шербет Жусупова «Марал» радиосуна маек куруп жатып айтты.

«Темирдин организмге жетиштүү болушу абдан маанилүү. Эгер адамда аз кандуулук болсо, бат чарчап, ишке жөндөмү начарлайт жана өз жашынан бир канча жылга улуу көрүнүшү мүмкүн. Ал эми жаш балдардын окуусуна терс таасирин тийгизет. Ошол себептен жарандарга айтарым, жогорудагы белгилерди байкасаңыз, дарыгерге кайрылышыңыз керек. Дарыгер сизге туура өлчөмдөгү дарыны жазып берет», — деди дарыгер.

Дарыгердин айтымында, аз кандуулукка чалдыккандар белокторду көбүрөөк жеши керек. Ошол эле учурда темирди организм жакшы сиңириши үчүн тамактын артынан чай ичпөө керектигин кошумчалап өттү.

«Анткени чайдын курамындагы танин темирдин туура сиңишине тоскоол болот. Негизи чайды көп ичүүнү сунуштабайт элем, бирок адамга тонус берген үчүн чайга көнүп калгандар бар. Аларга чайды тамак-ашка аралаштырбай, өзүнчө убакыт бөлүп ичүүнү сунуштайм. Чайга катар кофе менен сүт да темирдин сиңишине тоскоол болот. Темир организмге кычкыл чөйрөдө жакшы сиңет. С витаминин темирди туура сиңирүүсүнө жардам берүүгө колдонуу туура болот», — деди гематолог.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM