Биз менен байланышыңыз

Репрессия курмандыктарын актоо аракети: Парламенттик угуу өтөт

Кыска кабар | 25 Янв 2023 | 197 | 0

Жогорку Кеңеште 27-январда саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт.

Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдары саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу, башкача айтканда, саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган.

Сунуш кылынып жаткан Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы 1918-1953-жылдардагы окуялар боюнча тарыхый адилеттүүлүктү бекемдөөгө, «кызыл террор» жана сталиндик репрессия жылдарында укукка жат массалык репрессияларга дуушарланган Кыргызстандын көптөгөн жарандарынын жакшы ысмын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Демилгечилер — Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова, Мирлан Самыйкожо.

Буга чейин «Эсимде» изилдөө аянтчасы талкуу уюштуруп, тарыхчылар, коомдук ишмерлер, изилдөөчүлөр XX кылымдын 20-50-жылдарындагы саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын реабилитациялоо демилгеси талкуулаган.

Абдрахманов: 1937-38-жылдары эң көп кыргыз улутундагылар репрессияланган

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM