Биз менен байланышыңыз

Абдрахманов: 1937-38-жылдары эң көп кыргыз улутундагылар репрессияланган

Блог | 9 Ноя 2022 | 1037 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 26-октябрында «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Ошондон бери 7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнү катары расмий белгиленип келет.

«Марал» радиосуна тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын эмгек сиңирген ардагери, запастагы полковник Болот Абдрахманов келип, ата-бабаларды эскерүүнүн маанилүүлүгү, «Ата-Бейиттин» ачылышы тууралуу кенен маек курду.

Марал: Бүгүнкү күндө коом ата-бабаларды эскерүүнүн маанилүүлүгүн канчалык аңдап, түшүнүп жатат? Мамлекет тарабынан кандай көңүл бурулуп жатат?

Болот Абдрахманов: Бул күнгө карата жыл сайын журналистер, илимпоздор талкуу уюштурушат. Бир ай мурун эле даярданып, окуу жайлар саясий репрессиянын таасири, себептерин билүү үчүн окумуштууларды чакырып, маалымат алууга аракет кылышат. Ошондуктан коомчулук тарабынан жакшы эле маани берилип жатат десек болот.

Бирок мамлекеттик бийлик бул маселеге көп көңүл бурбай жатат.

Мисалы, 1938-жылдагы биринчи мамлекеттик жетекчилерди атып салып, жашыруун көмгөн жерлерди биздикилер 1990-жылы июль айында табышкан. Чыгаан жазуучу Ч. Айтматов сөөктөрдү көмүү аземи болгондо ошол жерди «Ата-Бейит» деп атаган. Мындай жер Борбор Азия боюнча бирөө эле.

«Ата-Бейиттин» абалына кейийм…

Ошол жердин табылганына 31 жыл болду, алгачкы жолу оңдоп-түзөө иштери жасалгандан бери кайра оңдоло элек. Абалы абдан начар. Ал жерге Ч. Айтматовдун, 2010-жылдагы апрель революциясында курман болгон жигиттердин сөөктөрү коюлду, 1916-жылдагы Үркүндүн мемориалы коюлду, жакында эле Баткен окуясында каза болгон жаш жоокерлердин сөөктөрү коюлду. Демек бул кыргыздар үчүн аябай ыйык жер.

Бүгүнкү күндө өлкөгө келген расмий делегациялар ошол жерге таазим кылып, гүл коюп келишет. Ошол гүл койгон жерге чейин алып барып, музейге киргизишпейт. Себеби музей жыйырма бир жылдан бери оңдоло элек.

Мисалы, кошуна Казакстан, Өзбекстанды карап көрсөк, алардын репрессияга тартылган жарандарынын сөөктөрү табылган эмес. Бирок атайын ошолорго арнап салынган музейлерин карасаң, өтө маани берилгендиги байкалып турат. Биздикилердин ошол жерде иштегендердин айлык маянасы аз, кышында болсо жакшы жылытуу болбойт. Ошого карабай, мемориалдык комплекске адамдар аябай көп барганын байкадым. Атайын окуучуларды, мекеме ишканаларды тарыхты таанытуу үчүн алып барышат экен. Мен атайын чоңдорго айтып калам, «силер жылда бир жолу барып гүлдү коюп качасыңар» деп.

Марал: 1937-1938-жылдары саясий репрессиянын курмандыктарынын сөөктөрүнүн табылышы боюнча айтсак. Бул иште сиздин салымыңыз чоң болгон. Мисалы, Бүбайра апанын баалуу маалыматтары 1990-жылы гана айтылып жатат. Бийлик эгемендик алары анык болгон соң киришип, сөөктөр аныкталган деп айтылып жүрөт. Сиз бул процесске аралашкансыз. Маалымат айтылгандан кийинки иш-аракеттер кандай жүрдү эле?

Болот Абдрахманов: Негизи Горбачёв Союз ураардын астында жетекчи болуп келген. Ал демократияга көнүл бурам, «кайра курулуш», «ачык айтуу» деген терминдерди киргизип, ошонун үстүндө иштеген. Ошондо көп процесстер башталып, Кыргызстанда да мурда айтылбаган тарыхыбыздагы айрым жагдайлар айтыла баштады. Ошону көргөн Бүбүйра эже атасынын көз жумаарда айтып кеткен аманатын ачыктаган. Ушул жерде чоң сыр жатат, атасы «бул маалыматтарды убагы келгенде айткын» деп табыштайт.

Буга бир мисал, Чыңгыз Айтматовдун «Ата, жаткан жериңиз кайда?» , — деп жазганы бар.

Бүбүйра эже 53 жыл жүрөгүндө сактаган маалыматты ыйлап айтып берген

Горбачёв бийликке келгенде гезит, журналдардан саясий курмандыктар тууралуу сөздөр айтыла баштайт. Атууга кеткен жарандардын сөөктөрүн издегенге, аларды реабилитация кылуу процесстери активдүү башталсын деген буйрук чыгат. Ошону угуп, Бүбүйра эже аракет кыла баштайт. Ал 1990-жылы кышында өтүгүн оңдоп алайын деп өтүкчүгө кирет. Кирсе, Ж. Баласагын атындагы университетте иштеген Байтерекова деген эжеке дагы өтүгүн оңдоткону кирип калат. Экөө сүйлөшө кеткенде Бүбүйра эже көптөн бери жүрөгүн өйүгөн нерсени айталбай жүргөнүн айтып берет. Мугалим уккандарын маанилүү маалымат болсо керек деп, мага кайрылат. Ал эженин дарегин алып үйүнө барганымда Ата-Бейиттин сырдуу тарыхы тууралуу төрт саат ыйлап, айтып берген.

Айтканына караганда, 1938-жылы Чоң-Ташта атасы кароолчу, энеси ашпозчу болуп иштеген. Ошол учурда эже сегиз жаштардагы кыз болгон. Эсинде калганы, ата-энеси дайыма барып ыйлап, куран окуп турчу экен. Андан кийин 1970-жылдары атасы көз жумаарда, «эсиңдеби ошол жердин астында көп кишилердин сөөгү бар. Ошону убагы келгенде айт, ал жерде жаткандардын сөөгүн издегендер чыгат» деп аманат кылып кетиптир. Андан кийин бул маалымат мага аманат болуп калды. Ал учурда мен дагы жооптуу кызматтамын. Анан кагаз түрүндө чоңдорго ушундай маалымат болду деп кайрылуу жасаганмын. Ал учурда Союз урай элек, 70%-80% орус улутунун кызматкерлери. «Муну козгоп эмне кереги бар, кантип далилдейбиз, кереги жок» деп айткандар да болгон.

Мен Бүбүйра эжеден ошол жерди көрсөтүп берүүсүн сурандым. Баласагын университетинде Михаил Иванович деген кыйын, тажрыйбалуу археолог иштейт экен деп уктум. Ошол кишиге барып, окуянын четин чыгарып айтып, сизди бир жерге алып барайын ошону көрүп бериңиз деп сурандым. Ага чейин Бубайра эже жанакы жерди барып көрсөтүп берген. Кетип жатканда ал эженин толкундануусун көрсөңүз, элүү үч жылдан бери бара элек экен. Бирок бардык нерсе эсинде калыптыр.

20 см казганда эле ок тийген адамдын баш сөөгү табылды…

Түндүктү карай эки жүз метр басканда чөп өскөн дөңсөөлөргө бардык. Бирок эже толкунданганынан кайсынысы экенин эстей албады. Арасынан издеп жатсак бир дөңсөөнүн четинен сынган кирпичти көрүп калдык. Эже ушул жер деп көрсөтүп, кыш заводдун сыныктары ушул экен деп, ошол жерге отурдук. Анан жанагы археологду алып келип көрсөтсөм, каза баштаганда жыйырма сантиметрден кийин эле адамдын баш сөөгү чыкты. Болгондо да, октун бир жагынан кирип, бир жагынан чыкканы көрүнгөндөн кийин эле ошол экен деп түшүндүм.

Ошону тапкандан кийин кайра чоңдорго барып, казуу иштерин жүргүзүү керектигин айтып, көгөрүп туруп алдым. Коопсуздук кызматынын ошол кездеги жетекчиси Асанкуловдун өзүн алып бардым. Жалпыга маалымдоо каражатттарын чакырып, баарынын көзүнчө ачыкталды. Ошол жылы июль айында жумуш бүтүп, 138 кишинин сөөгү чыкты. Ар бир сөөктө башка атылган тешиктер, онго жакын сөөктө алтын тиштер табылды. Кийин Жусуп Абдрахмановдун кызы менен сүйлөшсөм, атасынын алтын тиши болгонун айтты. Бул 1930-жылдары биринчи жетекчилердин алтын тиштери бар экенин түшүндүрөт.

Атууга буйрук берилгенин тастыктаган кагаз табылган

Экинчиден, 1934-35-жылдары колдонулган тыйындарды таптык. Үчүнчүдөн, эң уникалдуулугу — сөөктөр көмүлгөн жердин түбүндө 137 кишиге чыккан буйруктун кагазы табылды.

5-ноябрда 58-берене менен Жусуп Абдрахманов атылсын деген өкүмдүн, экинчи күнү Төрөкул Айтматов атылсын деген өкүмдүн кагаздары чыкты. Мунун баары мештин эң түбүнөн табылып жатат. Кийин мен окумуштуулардан сурасам, ал жерге аба да жетпей, суу да жетпей кагаз чирибей, сакталып калган экен. Ылдыйлаган сайын чирибеген кийимдер, өтүктөр, аскердик баш кийимдер табылды. Аткандарды таштап, үстүнөн бир аз топурак салып кийинки күндөрү кайра атылгандарды таштап, 138 кишини ошол жерге батырган.

Ошол документ чоңдорго тийип, архивди караса дал өзүндөй көчүрмөсү сакталып туруптур. Алардын арасында бир кишинин сөөгү ал тизмедегиден ашыкча болгон, ким экендиги белгисиз. 1991-жылы 30-августта репрессия курмандыктарынын сөөктөрүн кайра көмүү аземи болду. 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүк күнүн жарыялады.

Марал: Сиздин «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары» (1920-1953-жж.) аталышындагы он томдук китебиңиз чыккан. Анда 20 миң адамдын өлгөнү анык деп жазылган. Чыныгы сан мындан айырмаланабы? Алар кимдер болгон?

Репрессиянын таасири ар бир үй-бүлөгө тийген

Болот Абдрахманов: Сөөктөрдү көмүү аземинен кийин өлкө эгемендик алып, тарых барактары ачыла баштады. Репрессиянын таасири ар бир үй-бүлөгө тийген. «Биздин атабыз кайда, биздин атабыз качан акталат?» деген суроолор менен миңдеген каттар түшө баштаган. Ошондо мени башкарма чакырып, «тиги жакты казып баштадың, бул иш менен өзүң алек болуп, аягына чыгар» деп дайындады. Анан «реабилитациялоо» иштерин катуу карай баштаганбыз.

Ошол учурда эле 8 миңге жакын киши акталган. Андагы Советтик Кыргызстан гезитине жумасына бир жолу саясий репрессиянын курмандыгы болгон, акталган адамдардын тизмесин чыгарып турушкан. 1996-97-жылы кичинекей китепче чыгарып, акталгандардын тизмесин жарыяладык. Кийин ар кандай себептер менен мен дагы башка жерге которулдум. Ошентип бул иш каралбай калган.

Жалпы 55 улуттун өкүлү репрессия курмандыгы болгон, эң көбү кыргыздар

Кийин 2012-13-жылы бул жумуш аягына чейин бүтпөгөнүн көрүп, тиешелүү жетекчилерге кайрылып, архивди карап чыктык. 14 500 архивдик ишти 3-4 жылдын ичинде баарын электеп, ошонун ичинде репрессияга дуушар болгон адамдардын тизмесин, туулган жылын, туулган жерин, улутун, кайсы жерде иштегенин, канчанчы жылы атылганын, же түрмөгө кеткенби, сүргүнгө айдалганбы, кайра канчанчы жылы акталганын тактап чыктык. Ошентип 20 миң адам болду.

2020-жылы ошонун баарын иреттеп, китеп чыгарууга акча каражатын издедим, эч ким берген жок. Өзүмдүн каражатыма 100 нуска менен “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары” деген аталыштагы он томдук китепти чыгардым.

Азыр 10 томдукту анализдеп көрсөк илимпоздорго, тарыхчыларга аябай керектүү материал болот экен. Анда 1920-1953-жылдар аралыгында репрессияга дуушар болгон миңдеген адамдардын тагдыры баяндалды.

Жалпысынан 55 улуттун өкүлдөрү бар экен. Эң көп репрессия болгондор — кыргыз улуту, экинчи орунда орустар, андан кийин уйгурлар, өзбектер, немистер бар.

Азыркы учурда Кыргызстанда 800дөн ашуун айыл бар экен. Биздин 10 томдукта 738 айылдын тургуну репрессия болгону айтылат. Жети облустун ар биринин тургуну, мектеп окуучусунан кемпир чалдарга чейин бар, аял-эркектер.

Архивди ачуунун убактысы келди

Марал: Бирок 1937-жыл боюнча дагы деле ачылбаган, жашыруун сыр болгон документтер бар деп айтылып келет. Архивди ачуунун мезгили келдиби, бийлик эмнеден чочулайт?

Болот Абдрахманов: Бийликтин бул окуяга кылган мамилесин «Ата-Бейиттин» мисалында айтып кеттим.

Негизи Орусияда бул жөнүндө архивдер ачылган. 10 томдук дагы ошол кездеги КГБнын архивинин негизинде жазылган. Албетте, бардык документер коомчулукка ачылып калган жок, мен ачып коеш керек дегенден да алысмын. Жашыруун сырлар бар.

Бирок ошол эле учурда, «сталиндик репрессиянын» курмандыктарын терең изилдеш керек. Тарыхчылар сураса архивдеги маалыматтарды акырындан ачыктаса болот деп ойлойм. Менин таң калганым, биз 10 томдукту чыгарганда эле Америкадан, Германия, Беларусия, Украина жана башка өлкөлөрдөн каттар келе баштады. Польшадан да кайрылып, Кыргызстанда репрессияланган поляктар тууралуу маалыматтарды сурашты. Ошондуктан бул окуяны терең изилдөөнүн убактысы келди.

Тарыхын билбеген жаштарга капамын…

Марал: Келечек муун үчүн ушул маалыматтардын, окуялардын маанилүүлүгү канчалык? Аларга кантип жеткирсек болот? Мисалы, репрессиялангандардын башындагылар жаш курагында эле мамлекет башкарган, даанышман инсандар болгон. Ушундай сапаттарын кийинки муунга кантип жуктурабыз?

Болот Абдрахманов: Мен өзүм да университетте сабак берип калам.  Тилекке каршы, кээ бир тарых сабактарын кыскартып жатышыптыр. Бул өтө туура эмес аракет. Былтыр Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы деп жарыялап, жогорку деңгээлде иш-чаралар уюштурулуп, документалдуу фильмдер, китептер чыгып жатты. Ошол эле учурда, бийлик тарыхый окуяларга көбүнчө формалдуу эле мамиле жасап коет.

Кээ бирде «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде иш-чара болгондо чакырышат, барып, маалыматтарды айтып берип турам. Бир күн ошол жерден чыгып келе жатып, бир жигитти жолдон салып алдым. Ал Улуттук гвардиянын аскери экен, кызмат өтөгөнүнө бир жыл болуптур. «Ата-Бейиттин» тарыхын билесиңби деп сурасам, билбеймин деп жооп берди. Мен аябай капа болдум. Бир күндөн кийин Улуттук гвардиянын командирине кайрылып, балдарды чогултуп, бир илимий конференция өткөрүп, билгендеримди айтып берейин деп сурандым. Бирок «чоңдор уруксат бербей койду» деген жооп келди. Анан эмне үчүн биздин жаштарда патриоттук сезим жок болуп баратат дейбиз.

Тарыхты айтып берейин десең мамлекет тарабынан да кайдыгерлик болуп жатпайбы.

Маектин видео вариантын төмөндөгү шилтемеден көрө аласыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM