Күн суук күндөрү аба каттамдары кармалып, же учпай калууда. Мындайда аэропортто күтүп калган жүргүнчүлөр үчүн шарт жок.
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
«Суук күндөрү учактар кечигип учуп, 5-6 саатка кармалып калып жатты, өзгөчө эл аралык каттамга чыга тургандар аба майданда күтүшөт. Ал жерде дьюти фриде бир пирожки 200 сомго чейин чыкты деп айтып жатышат, же тамак-аш бербейт экен, кайнак сууну эптеп сурап келдик деп жатышат, карап койбойлубу? Бала-бакыра, кары-картаңдар бар, алар күтө турган жай абдан суук болуп жатыптыр. Аэропорттун жетекчилигине тапшырма берип коюңуздар, жылуулугун карасын, объективдүү форс-мажор учурларда тамак-аш уюштуруп берип коюшу керек», — деди депутат.
Кыргызстанда өткөн жумадан бери аба ырайы кескин өзгөрүп, күндүн табы төмөндөдү.