Марал Радиосу

«Пирожки 200 сомго чейин чыкты». Депутат аэропорттогу абалга тынчсызданды

Күн суук күндөрү аба каттамдары кармалып, же учпай калууда. Мындайда аэропортто күтүп калган жүргүнчүлөр үчүн шарт жок.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

«Суук күндөрү учактар кечигип учуп, 5-6 саатка кармалып калып жатты, өзгөчө эл аралык каттамга чыга тургандар аба майданда күтүшөт. Ал жерде дьюти фриде бир пирожки 200 сомго чейин чыкты деп айтып жатышат, же тамак-аш бербейт экен, кайнак сууну эптеп сурап келдик деп жатышат, карап койбойлубу? Бала-бакыра, кары-картаңдар бар, алар күтө турган жай абдан суук болуп жатыптыр. Аэропорттун жетекчилигине тапшырма берип коюңуздар, жылуулугун карасын, объективдүү форс-мажор учурларда тамак-аш уюштуруп берип коюшу керек», — деди депутат.

Кыргызстанда өткөн жумадан бери аба ырайы кескин өзгөрүп, күндүн табы төмөндөдү.

Exit mobile version