Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Кыска кабар | 13 Янв 2023 | 250 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов «Маралга» билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш ишинин алкагында Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү боюнча айып тагылган.

Камолидинов белгилегендей, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш жабылган.

Аскар Акаев 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Ага чейин август айында да келип кеткен.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM